Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Сарпашев ырчы Омарды өз кепилдигине алды


Тайырбек Сарпашев
Тайырбек Сарпашев

Ырчы Омардын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Буга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевдин кепилдик каттары негиз болгонун бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады.

26-августта Жогорку Соттун жазык жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы Омардын баш коргоо чарасын карап, Талас облустук сотунун аныктамасын өзгөрттү.

Облсот 3-августта Талас райондук сотунун Омарды камакка алуу тууралуу 28-июлдагы чечимин мыйзамсыз деп таап, аны эч жакка кетпөө жөнүндө кол каттын негизинде камактан бошоткон, бирок Таластан сыртка чыгууга тыюу салган.

Эми Омар Тайырбек Сарпашев жана Муратбек Бегалиевдин кепилдиги менен эркин жүрө алат.

Шоу-бизнес жаатында Омар деген ат менен белгилүү Өмүрбек Жанышевдин үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган жабырлануучу, ишкер Болот Бейшеналиев ал шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акчасын алган боюнча кайра бербей, качып жүргөнүн билдирген.

Ырчы өзү ортомчу болуп бергени чын экенин, бирок акча албаганын, күнөөсү жок болгондуктан соттук териштирүүдө аягына чейин өз позициясында бекем турарын, ортодо курмандык болуп жатканын айтып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG