Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Конституциялык палата биометрика боюнча арызды кароону улантат


Конституциялык палата биометрика боюнча арызды кароону 9-сентябрда кайра баштамай болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" укук коргоочу Токтайым Үмөталиева билдирди.

Үмөталиева жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз экенин айтып укук коргоочу Нурбек Токтакунов менен бирге сотко быйыл май айында кайрылган болчу. Бирок сот жараянына негизги баяндамачы катары катышкан судья Клара Сооронкулованын билдирүүсүнөн кийин бул иш каралбай калган.

Сооронкулова жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн иштен алынган.

Кыргызстан бийлиги шайлоочулардын добуш берүүсүн биометрика аркылуу уюштуруу быйыл 4-октябрда жана 2017-жылы өтө турган шайлоо өнөктүктөрүнүн ачыктыгын камсыз кылуучу негизги механизм экенин айтып келет. Бирок бул жаатта учурда көптөгөн техникалык, уюштуруучулук проблемалар чыгууда. (RK)

XS
SM
MD
LG