Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Шайлоо-2015: Даярдык иштерине эң көп каражат жумшаган партиялар аныкталды


Парламенттик шайлоого даярдык үчүн бүгүнкү күнгө карата каражатын эң көп короткондор тизмеси аныкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн тараткан маалыматка караганда, "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 5-августтан бери 51 миллион сом каражатын кетирди. Экинчи орунда "Ата-Мекен" партиясы турат. Ал 3-августтан бери дээрлик 37 миллион сом коротту. Ал эми үчүнчү орундагы "Бир Бол" партиясы 21 миллион сомун жумшады.

Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоого катыша турган партиялар атайын фонд ачып, андагы акчасын даярдык, уюштуруу иштерине жумшашы керек. Фонддогу каражаттын жалпы суммасы 500 миллион сомдош ашпоосу шарт, мунун ичине 5 миллион сомдук күрө да кирет.

Шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин билдирген 34 партиянын ичинен 14ү гана БШКга тиешелүү документтерин тапшыра алды. Учурда Боршайком алардын ар бири боюнча тактоо иштерин жүргүзүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG