Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

Алмазбек Атамбаев сентябрда АКШга барбай турган болду


Сентябрдын аягында президент Алмазбек Атамбаев жетектеген делегация АКШга бир жумалык иш сапарга бармак. Бирок кыргыз тарап бул иш сапардан баш тартканын бүгүн «Азаттыкка» президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, мындай чечим алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу кабыл алынды:

- Биз алгач шайлоо ноябрда өтөт деп ойлогонбуз. Бирок БШК октябрь айына белгиледи. Шайлоо - бул олуттуу иш. Андыктан Алмазбек Атамбаев шайлоо жараяны учурунда Кыргызстанда болууну чечти.

Атамбаев Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын юбилейлик жыйынына катышмак. Ал 28-сентябрда жалпы саясий дискуссияда сөз сүйлөмөк. (JM)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG