Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:33

Журналисттин өлүмүнө шектелген азери футболчу камакта калтырылды


Азербайжанда "Габала" футбол клубунун белгилүү оюнчусу, журналисттин өлүмүнө шектелип жаткан Жавуд Хусейнов кармоочу жайда калтырылды. Сот адвокатынын аны үй камагына чыгаруу арызын бүгүн четке какты.

Хусейнов жана Расим Алиев деген журналистти сабап өлтүргөн деп шектелген дагы беш киши 11-августта камакка алынган. Футболчу кылмыш тууралуу маалымдаган эмес деп айыпталган. Анын күнөөсү далилденсе, беш жылга чейин кесилиши ыктымал.

30 жаштагы Алиев 9-августта ооруканада көз жумган. Ал Фейсбукта Хусейновду сындагандыгы үчүн футболчунун тарапкерлеринен токмок жегенин айтып берүүгө үлгүргөн.

XS
SM
MD
LG