Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

“Эгемен Кыргызстан” партия мүчөлөрү ачкачылыкты улантууда


"Эгемен Кыргызстандын" теңтөрагасы Бектур Асановдун “Азаттыкка” билдиришинче, БШК аларды шайлоого катыштырбай койгонуна нааразы болгон партиянын үч мүчөсү 26-августтан тарта ачкачылык жарыялашкан. “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясы 28-августта БШКдан расмий жооп алган соң, мындан аркы аракеттерин өзгөртүшү ыктымал:

-Биз жоопко жараша аракеттерибизди карап көрөбүз. Эгер БШК оң жооп берип, шайлоого каттаса, анда ишибизди баштайбыз. Эгер алып салса, кургак ачкачылыкка өтөбүз. БШКны сотко беребиз.

Ачкачылык акциясы партиянын Бишкектеги штабында өтүүдө.

БШК “Эгемен Кыргызстан” партиясын шайлоого тиешелүү күрөө акчаны мөөнөтүндө төгө албагандыгы үчүн каттаган эмес. Партия мүчөлөрү Шайлоо кодексине ылайык аракет кылышканын белгилеп, жогорку бийлик тарабынан ушундай тосоолдуктар жасалып жатканын айтышууда. “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо урааны - “Атамбаевсиз Кыргызстан, СДПКсыз парламент”.(ZKo)

XS
SM
MD
LG