Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Орусиядагы кыргызстандыктардын киреше салыгы 13% азаят


Буга Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсү себеп болду. 13% өлчөмүндөгү салык 2015-жылдын 12-августунан тартып алынып салынарын Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы ырастады. Ал эми буга чейинки тапкан кирешелери боюнча салык Орусиянын Салык кодексине ылайык жалпы тартипте алына берет.

Мурда эмгек келишими менен иштеген жеке адамдардын кирешесинен алынуучу салык ЕАЭБ мүчө өлкөлөрдүн салыгынан башка эсептелчү. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматынын маалымдашынча, Биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдүн жарандары тапкан кирешесинин 20-30% салыкка төгүшсө, мүчө өлкөлөрдүн жарандарынан 10-13% өлчөмдө салык алынчу.

Расмий маалыматтар боюнча, ушул тапта Орусияда 500 миң чамалуу кыргызстандык мигрант иштейт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG