Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Башкалаа эгемендиктин 24 жылдыгын майрамдоо камында


Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, Эгемендик майрамына карата иш чаралар борбор калаада 25-августтан тарта башталган. 25-августта шаардын ар кайсы тарабында балдар ойноочу үч аянтча ачылды. 28-августта “Ата Түрк” багында балдар үчүн “Шайыр балалык” деп аталган концерттик программа болот. Ошондой эле бүгүн кечинде Улуттук филармонияда эстрада ырчыларынын жана оозеки чыгармачылык артисттеринин концерти өтөт.

Эгемендиктин 24 жылдыгын майрамдоого арналган негизги иш-чаралар 31-августта башталат. Бул күнү борбордук Ала-Тоо аянтында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда театрлаштырылган чоң майрам болот. Шаардын бардык райондорунда, жаңы конуштарда, кичирайондордо эгемендикке арналган оюн-зооктор, спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Ак-Кула ат майданында салт болуп калгандай, улуттук ат оюндары, көк бөрү өткөрүлөт.

Майрамды кечинде Ала-Тоо аянтында орусиялык жана жергиликтүү эстрада ырчыларынын концерти жыйынтыктайт. Майрам күнү шаардагы бир катар борбордук көчөлөр убактылуу жабылып, бул көчөлөрдө эл ташыган унаалардын багыты өзгөрүүсү ыктымал.

Эгемендик майрам шаңын арттырууга мэрия 2,5 млн. сом сарптамакчы. Маалыматка караганда, чет өлкөлүк эстрада ырчыларынын концерттик чыгымын “Газпром” ишканасы төлөйт.

Мындай маалыматты Бишкек шаар мэриясынын басма сөз кызматы таратты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG