Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Токтогулда балдар ураганы турган мектепте окушат


Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айлындагы М. Термечиков атындагы мектепти Өзгөчө кырдаалдар министрлиги авариялык абалда деп таап, анда балдардын окутулуусуна тыюу салган. Бирок балдар быйылкы окуу жылында да ошол мектепте билим алууга аргасыз. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Өмүрбек Төрөкулов журналисттерге билдирди. Себеби айыл аймагында 220 бала окуй ала турган башка имарат жок. Мектеп 1952-жылы жыгачтан курулган. Айыл башчысы мектепте оңдоо иштерин жүргүзүп, жаңы окуу жылында кайра балдарды ошол мектепке чакырууга аргасыз болуп жатканын айтты.

Билим берүү жана илим министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге чыгарган корутундуга ылайык, Кыргызстанда мектептердин 82%, ал эми бала бакчалардын 84% авариялык абалда экенин ырастады.

Билим берүү министри Сариева 162 мектепти оңдоо боюнча өкмөткө жана Каржы министрлигине кайрылганын мурдараак “Азаттыкка” билдирген.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG