Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Кадыржан Кыдыралиевдин сөөгү "Ала-Арчага" коюлат


Кыргыз эл артисти Кадыржан Кыдыралиевдин сөөгү эртең, 29-августта Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Ал кечээ, 27-августта узакка созулган оорудан кийин 79 жаш курагында каза болду.

Кадыржан Кыдыралиев кыргыздардан чыккан алгачкы кесипкөй оператордун бири болгон. Ал 1961-жылы ВГИКти аяктап келип, узак жылдар бою “Кыргызфильм” студиясында иштеп, оператор катары “Уркуя”, “Жамила”, “Көк серек”, “Мен Тян-Шан”, “Улан”, “Бакайдын жайыты” баш болгон фильмдерди тарткан.

Кино таануучулар Кыдыралиев мурдагы советтик өлкөлөрдүн чегинде эң таланттуу адис болгонун белгилеп, ал кинодо поэтикалуулукту, терең драматургияны жана жан дүйнө абалын чагылдыра билгенин айтышат.

Кадыржан Кыдыралиев 1936-жылы Чүй облусунун Панфилов районундагы Чолок-Арык айылында төрөлгөн. Учурда маркумдун үй-бүлөсү кыргыз киносундагы операторлордун династиясы катары белгилүү. Уулу Хасан Кыдыралиев операторлук ишмердиги менен Эл артисти наамына жеткен. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG