Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Талиптердин мизин кайтарууга НАТО жана АКШ аскерлери жардамдаша баштады


Ооган полициясы мотоциклчен бараткан жарандарды текшеришүүдө. Гелманд шаары, 26-август 2015
Ооган полициясы мотоциклчен бараткан жарандарды текшеришүүдө. Гелманд шаары, 26-август 2015

27-августта ооган армиясы талиптерге каршы баштаган жапырыкка НАТО жана АКШ аскерлери кошулган эле. Талиптер 26-августта Ооганстандын түштүгүндөгү Гелманд провинциясындагы Муса Кала районун 2007-жылдан бери биринчи мертебе толук ээлешкен. Андан мурда коңшулаш Наузад району да алардын колуна өткөн. НАТОнун чечкиндүү жардам коалициясынын маалымдашынча, АКШнын учактары бейшемби күнү Муса Кала районуна тогуз ирет бомба урган.

Ушу тапта Ооганстандын түндүгүндөгү үч район жана апийим көп өстүрүлгөн Хелманд провинциясынын чоң бөлүгү талиптердин ээлигинде.

Талиптер бийликтен 2001-жылы АКШ аскерлери өлкөгө басып киргенде кулатылган.

XS
SM
MD
LG