Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

Мектептерде эки миңден ашык мугалим жетишсиз


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мектептерине 2340 мугалим жетишпейт. Бул тууралуу ушу тапта өтүп жаткан өкмөттүн жыйынында айтылды. Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы менен өтүп жаткан жыйында жаңы окуу жылына даярдык талкууланып жатат.

Мугалимдик кесип оор болгону менен айлык маянасы өтө төмөндүгүнө байланыштуу бул көйгөй Кыргызстан үчүн актуалдуу бойдон калууда. "Жаш мугалимдин депозити" программасы да жакшы натыйжа бербей жатканын адистер айтып келишет.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун орто мектеп бар, окуучулардын жалпы саны 1 миллиондон ашат. (TSh/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG