Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:17

Австрияда 70 ашуун мигранттын сөөгү табылды


Полицайлар мигранттардын табытын түртүп баратышат. Австриянын Никелсдорф кыштагынын жаны. 28-август 2015

Полицайлар мигранттардын табытын түртүп баратышат. Австриянын Никелсдорф кыштагынын жаны. 28-август 2015

Бул башта маалымдалган сандан анча көп. Өлүктөр Вена-Будапешт кан жолунун четинде калтырылган жүк машиненин ичинен 27-августта табылган. Ага байланыштуу чек арада жана кан жолдордо машинелерди текшерүү күчөтүлдү. Австриянын Ички иштер министри Йоханна Микл-Лейтнер айым бейшембиде: “Бул кырсыктан улам эл аралык жолдордо полициянын контролу күчөтүлөт. Биз чек ара аймактарын көзөмөлдөөнү да катуулатабыз”, деп билдирди.

Австриядагы окуя Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдү “чечкиндүү чара көрүүгө" түртөрүн биримдиктин Тышкы иштер комиссары Федерика Могерини ырастады.

Сирия жана Ливия сындуу коогалаң өлкөлөрдүн миңдеген жарандары согуш алааматынан качып Евробиримдик өлкөлөрүн капташууда. Быйыл Германия 800 миң бозгунга башпаанек бермекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG