Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Тажикстанда баткендик аялдын өлүмүнө шектүү кармалды


Баткендик аялдын өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылгандыгын бүгүн Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы кабарлады. Сарахан Нурматованын өлүмүнө Исфара шаарынын 37 жаштагы тургуну шектелүүдө.

Прокуратуранын маалыматында, быйыл 7-июнь күнү Баткен районунун тургуну, 63 жаштагы Сарахан Нурматова Тажикстанга тигүүчү машинаны оңдоотуу үчүн барган. Ал арада экөө чырдаша кетип, тажик жараны аялдын башына уруп, жоолугу менен муунткан. Кылмышкер аялдын алтын сөйкөсүн, шакегин жана тигүүчү машинасын алып, өзүн Шуроб айылындагы орого таштап, таш менен көмүп салган.

Эскерте кетсек, Сарахан Нурматованын өлүгү эки күн мурун табылган болчу. (JM)

XS
SM
MD
LG