Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Орусияда Мамдуманын мурдагы депутаты 17 жылга соттолду


Михаил Глущенко сотто. Санкт Петербург, 21-август 2015-жыл
Михаил Глущенко сотто. Санкт Петербург, 21-август 2015-жыл

Бүгүн Санкт Петербург соту Михаил Глущенкону Мамдума мүчөсү, Орусия демократиялык партиясынын жетекчилеринин бири Галина Страровойтованы өлтүрүүнү уюштурган деп тапты.

Старовойтова 1998-жылы 20-мартта Санкт Петербургдагы үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. Экс-депутат М. Глущенко опузалап акча алган деп айыпталып, 2013-жылы 8 жылга соттолгон. Ал быйыл мартта тергөөчүлөр менен кызматташууга макулдук берип, Старовойтованы Владимир Барсуков деген бизнесмендин тапшырмасы боюнча атканын мойнуна алган.

2005-жылы бул ишке байланыштуу бир киши 20 жылга, экинчи киши 23,5 жылга эркинен ажыратылган. Барсуков оболу Старовойтованын өлүмүнө тиешеси жок башка иш боюнча кармалып, кийин коё берилген.

XS
SM
MD
LG