Юстиция министрлиги 28-августта жарыялаган билдирүүдө партияда ырасмий каттоодон өткөнгө жетиштүү мүчөлөрү жок болгондуктан, өз ишин мыйзамый түрдө уланта албасы көрсөтүлөт. Партиянын Тажикстандын 58 шаар-райондорундагы бөлүмдөрү жабылганы да маалымдалды. Бир күн мурда Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилиги бийлик койгон тоскоолдуктарга карабай, партия өз ишмердүүлүгүн токтотпосун маалымдаган.
Ислам кайра жаралуу партиясы Тажикстанды бүлүккө салган 1992-97-жылдардагы жарандык согушту токтотууга чоң салым кошкон. Партия соңку 15 жылда парламентке такай шайланып жүрүп, быйыл марттагы шайлоодо мандатка жетерлик добуш албай калган.