Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Австрияда бозгундардын сөөгү табылды


Сириялыктардын сөөктөрү салынган делген машина ушул жерде токтоп турган.
Сириялыктардын сөөктөрү салынган делген машина ушул жерде токтоп турган.

Австриянын Ички иштер министрлиги 71 бозгундун, анын ичинде төрт жашы жетелек баланын жана сегиз аялдын сөөгү табылганын бүгүн тактады. Кечээ полиция Венгриядан келген жүк ташуучу машинада 50 чакты кишинин жасаты табылганын маалымдаган.

Австриянын жол кайгуул кызматы 27-августта кошуна Венгрия менен чек ара аймагындагы унаа токтотуучу жайда ээсиз жүк ташуучу фургонду байкап калышат. Полициячылар адегенде унаа бузулуп калып же кырсыкка учурап, ошол жакка токтотулган деп ойлошот. Бирок кийин шектенип, анын арткы эшигин ачканда онго жакын адамдын чириген сөөгүн көрүшөт. Өлгөндөр фургондо бир нече убакыттан бери жаткандыктан алардын санын аныктоого бир күндөй убакыт кетти.

Эки өлкөнүн тергөөчүлөрү бул факт боюнча кылмыш ишин ачып, дароо иликтөө жүргүзө баштады.

- Машинаны тинтип чыкканыбызда Сирияда берилген документ табылды. Мындан улам маркумдар сириялык качкындар болчу деп айтууга негиз пайда болду. Ушу тапта алар Африкадан келаткан бозгундар эмес деп айта алабыз, - деди Австриянын Бургенланд чөлкөмүнүн полиция өкүлү Ханс-Петер Доскозил.

Австрия Ички иштер министрлиги эл аралык кан жолдордо жана чек ара райондорунда көзөмөл күчөтүлөрүн билдирди.

Венгриянын тартип коргоочулары окуяга байланыштуу шектүү үч киши кармалганын жума күн кабарлашты

Премьер-министр Виктор Орбандын кабинет жетекчиси Янош Лазардын айтымында, машина өлкө чыгышындагы Кешкемет шаарында Румыниянын жаранына катталган болуп чыкты.

Австрия бийлиги соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн сөөктөр Венага жеткирилерин, ошол жактан алардын тек-жайын жана өлүм себебин аныктоо аракети көрүлөрүн билдирди.

БУУнун Качкындар боюнча комиссариатынын басма сөз катчысы Мелиса Флеминг адамдарды аткезчилик жол менен Европага жеткирүү учурлары көбөйүп жатканына камтамасын билдирди:

- Аткезчилик бизнеси Жер Ортолук деңизинен Европанын кан жолдоруна жылганы анык болуп калды. Ал шылуундар башкалардын өмүрлөрүн ойлошпойт. Адамдар Европанын чек арасында жүк ташыган машиналарда, кемелерде каза таап жатышат. Муну токтотуш керек. Көбүн качкындар түзгөн ал кишилер согуштан, кырсыктан качып, Европада коопсуз жашоону эңсеп келатып, Борбордук Европанын кан жолунда өлүмгө дуушар болушууда. Бул абдан өкүнүчтүү, акылга сыйбас нерсе.

Жакынкы Чыгыш жана Африканын куралдуу жаңжалдар жүрүп жаткан аймактарынан агылган мыйзамсыз мигранттар Евробиримдикке Венгрия аркылуу кирүүгө аракеттенишет. Ал эми ал жакка Сербия, Македония өңдүү Балкан өлкөлөрүнөн өтүшөт.

Өткөн июлдун ичинде эле, расмий маалыматтарга ылайык, шаркеттин чек арасында Балкан тараптан келген 107 миңден көп киши катталган.

Дал ушул маселе 27-августта Венада Евробиримдик менен Чыгыш Балкан өлкөлөрүнүн саммиттинде талкууланды.

Жыйында Сербия жана Македония өкүлдөрү Европа биримдигин маселени жөнгө салуунун планын иштен чыгууга чакырышты.

Серб тышкы иштер министри Ивица Дачич качкындар шаркетке мүчө Грециядан келип жатканын кыйытып, чек араларда качан көзөмөл киргизилип, бозгундардын Сербия менен Македонияга кирүүсүн алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлөрүнө кызыкты:

- Проблемага туш болгон силерсиңер, бирок Сербиядан аракеттер планын талап кыласыңар. Адегенде өзүңөр конкреттүү планды иштеп чыгып, андан кийин бизден сурашыңар керек. Биз өнөктөш болгондуктан мен, ачуу болсо да, ачык-айкын сүйлөөнү артык көрөм, -деген министр маселе 1 миллион евро менен гана чечиле албайт деп кошумчалады.

Германиянын канцлери Ангела Меркел мыйзамсыз келгиндер маселесин “Европага мүнөздүү тилектештик духунда” чечүү керектигине басым жасады.

XS
SM
MD
LG