Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

БУУ: Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага 300 000 мигрант жана качкын өттү


Пакистандык, ооганстандык жана ирандык мигранттар Грециянын Кос шаарында полицияканадан каттоодон өтүү үчүн кезек күтүшүүдө. 15-август 2015.
Пакистандык, ооганстандык жана ирандык мигранттар Грециянын Кос шаарында полицияканадан каттоодон өтүү үчүн кезек күтүшүүдө. 15-август 2015.

БУУнун Качкындар агенттигинин билдиришинче, быйыл Европага жетебиз деп, Жер Ортолук деңизинен өткөн качкындар менен мигранттардын саны 300 миңден ашты. Үстүбүздөгү жылы 2 500дөн ашык мигрант жана качкын Жер Ортолук деңизине чөгүп кеткен. Бул эсепке акыркы 24 саатта Ливиянын жээгинде чөгүп кетти деп боолгонуп жаткан 200 чамалуу мигрант кирбейт.

Агенттиктин маалыматына ылайык, 2014-жылы береги жол менен Европага 214 миң адам өткөн. Ал жылы 3500 мигрант Жер Ортолук деңизинде апаатка кабылып, күм-жам болгон.

28-августта Кызыл Крест уюмунун билдиришинче, Ливиянын батышындагы Зувара шаарына чукул жээкте мигранттарды ташыган кеме чөгүп кеткенден кийин деңиз сүрүп чыгарган 82 адамдын жасаты табылды.

XS
SM
MD
LG