Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:06

Чаткалда кытайлык компаниядан акча доолагандар кармалды


Чаткал районундагы алтын казуучу “Кичи Чаарат” жабык акционердик коомунун имаратына бастырып кирип, ишкана кызматкерлерин коркутууга алган уюшкан кылмыштуу топ кармалды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 25-30 жаштардагы төрт адам 22-августта аталган ишкананын кызматкерин коркутуп, 30 миң доллар талап кылган. Акчаны табуу үчүн бир күн убакыт беришкен.

Милиция төртөөнү тең камакка алып, Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренесинин (Опузалап акча талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Кичи-Чаарат компаниясын кытайлыктар иштетет. (RsK)

XS
SM
MD
LG