Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

Түркияда оппозициядагы күрт саясатчылар өкмөткө келди


Премьер-министр Ахмед Давутоглу 28-августта убактылуу өкмөттүн курамын жарыялады. Ага күрттөрдүн таламын талашкан оппозициядагы партия өкүлдөрү да киргизилди.

Тагыраак айтканда, Хайдар Конжа Еврошаркет менен байланышуу министри, Мүслүм Доган өнүгүү министри кызматына киришти. Вице-министрлик кызматтын бирин оппозиционер Тугрул Түркеш ээледи.

Өкмөттүн жаңы курамы президент Режеп Тайип Эрдоган тарабынан бекитилди.

Июнда өткөн шайлоодон бери Давутоглу парламентте көпчүлүк коалиция түзө алган жок. Анын "Адилеттик жана өнүгүү" партиясы (АКП) 2-июнда өткөн парламенттик шайлоодо күртчүл Элдик-демократиялык партиянын парламентке келиши менен көпчүлүктү түзө албай калган.

Түркияда мөөнөтсүз шайлоо 1-ноябрга белгиленген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG