Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Чүйдө чек арачыларга үй берилди


Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылына курулган үйдүн 20 батири чек арачыларга берилди. Ачкычты бүгүн президент Алмазбек Атамбаев тапшырганын мамлекеттик Чек ара кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Ошондой эле бүгүн Чаткал районуна курулган үйлөрдүн ачкычы да аскер кызматчыларына берилет.

Өлкө жетекчиси аскерлер үчүн спорттук жабдууларды сатып алууга 500 миң сомдук серитфикат да тапшырды.

Үйлөрдүн курулушу 2014-жылдын январында башталып, ага 39 миллион 771 миң сом сарпталды.

Буга чейин Бишкектин "Жал" кичи районунда атайын чек арачыларга арналып тургузулган көп кабаттуу үйдөн аскерлерге батирлер берилген. (SE)

XS
SM
MD
LG