Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Болгария Орусиянын учактарды тейлөө кызматынан баш тартты


Болгария МиГ-29 үлгүсүндөгү аскердик учактарды оңдоо боюнча орусиялык компаниялардын кызматынан баш тартып, Польшанын мамлекеттик WZL2 ишканасы менен келишим түзмөй болду. Бул тууралуу France Presse агенттиги Болгариянын Коргоо министрлигинин маалыматына таянып кабарлады.

Министрликтин билдирүүсүндө “Болгария менен Польша мындай кызматташуу аркылуу өзүнүн саясий эркин көрсөтө алат” деп жазылат жана маанилүү геосаясий чечим экени айтылат.

Буга чейин 19 аскерий учакты оңдоо ишин орусиялык фирмалар жүргүзгөн. Бирок София алар менен кызматташуу жараяны өтө татаал экенин белгилеп, бир канча жолу нааразылыгын билдирген. Орусия менен түзүлгөн келишим сентябрдын соңунда аяктайт. (SE)

XS
SM
MD
LG