Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Чек арада жоголгон жоокердин дайыны чыкпай атат


Кыргыз-тажик чек арасындагы Карамык тозотунда кызмат өтөп жатып, 23-августта дайынсыз жоголгон жоокер дагы эле табылган жок. Издөө иштерине Коргоо министрлиги атайын тик учак да бөлүп берди. Чек ара кызматынын төрага орунбасары Абдикарим Алимбаев баш болгон аскерлер кыдырууну улантууда. Аларга жергиликтүү тургундар, мекеме-ишканалар жана тажикстандык чек арачылар да көмөктөшүп жатат.

Мекеменин божомолунда жоокер Түштүк Бокбашы ашуусуна кезметке чыккан учурда жолунан адашып кеткен. Ал күнү аймакта жамгыр аралаш кар жаап, туман түшүп турган. Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, анын колунда Калашников автоматы болгон.

Жоголгон жоокер 2014-жылдын күзүнөн бери Ош чек ара отрядына караштуу Карамык тозотунда кызмат өтөп жаткан. (SE)

XS
SM
MD
LG