Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

Moody's: Орусия экономикасы дагы артка кетет


Moody 's Investors Service эл аралык рейтинг агенттиги Кытайдагы экономикалык каатчылык 2016-жылы Орусияга таасир этип, көрсөткүчтөр төмөндөп кетерин божомолдоп жатат. Июнь айында Moody 's 2015-жылы Орусиянын ички жалпы дүң продукциясы 3 пайызга кыскарышын, 2016-жылы бул көрсөткүч 0 пайызга тең болорун айткан эле.

Бирок мунай баасынын арзандашы жана рубль кунунун түшкөнүнөн улам агенттиктин кызматкерлери мурунку прогноздун үстүндө кайра иликтөө жасашты.

Жаңы божомол боюнча, келерки жылы Орусияда ички дүң продукция 0,5 пайыздан 1,5 пайызга кыскарышы мүмкүн.

Ошондой эле агенттиктин талдоосуна ылайык, 2016-жылы экономикалык көрсөткүч Кытайда алты, Бразилияда бир пайызга төмөндөшү ыктымал. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG