Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:37

Австриядагы мигранттардын өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Австрияда жүк ташуучу унаанын ичинен чыккан 71 мигранттын өлүмүнө шектелип Венгрияда төрт адам кармалды. Бейшемби күнү Австрия полициясы Венгриядан келген жүк машинесинен 71 бозгундун жасатын тапкан. Маркумдардын арасында төрт жашы жетелек бала жана сегиз аял бар.

Колго түшкөн шектүүлөрдүн бири Болгариянын, бири Ооганстандын, дагы экөө Венгриянын жарандары. Алар адам соодасы менен алектенген аткезчи топтун өкүлдөрү экени айтылууда.

Австриянын мамлекеттик прокурору кармалгандарды экстрадициялоо боюнча бардык аракеттер көрүлөрүн билдирди.

Жакынкы Чыгыш жана Африканын куралдуу жаңжалдар жүрүп жаткан аймактарынан агылган мыйзамсыз мигранттар Евробиримдикке көбүнчө Венгрия аркылуу киришет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG