Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Египетте “Ал-Жазиранын” үч журналисти үч жылга камалды


Египет соту “Ал-Жазира” телеканалынын үч журналистине мамлекетте тыюу салынган “Мусулман агайындар” кыймылынын кызыкчылыгы үчүн жалган маалыматтарды тараткан деген күнөө койду. Алардын ар бири үч жылдан эркинен ажыратылды.

Австралиялык Питер Гресте, канадалык Мухаммед Фахми жана египеттик Бахир Мухаммед сот отурумунда өздөрүнө коюлган айыпты моюнга алган жок.

Сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюмдар бул иш боюнча жүрүп жаткан сот жараянын сындап келаткан болчу.

Египетте соңку айларда “Мусулман агайындардын” жүздөгөн мүчөсү соттолду. Алардын көбү өлүм жазасына тартылды. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG