Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Тажикстандын Нурек жана Шахритуз шаарларына кара желек илип кетишти


Тажикстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, Нурек жана Шахритуз шаарларына айрымдар “Ислам мамлекети” террордук тобунун байрагына окшош кара желек илип кетишти. Бул окуяга байланыштуу 14 адам кармалып, сурак берүүдө. Алардын айрымдары өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын өкүлдөрү экени айтылууда.

Маалыматтарга караганда, Нуректин кээ бир тургундары “Ислам мамлекети” тобунун Юнус аттуу согушкери менен интернетте таанышып, ага берилгендигин далилдөө максатында калаанын борборуна кара желек илишкен. Бул окуядан кийин бийлик өкүлдөрү августтун башында Шахритузда да ушундай желек орнотулганын, ал дароо жок кылынганын маалымдашты. (SE)

XS
SM
MD
LG