Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Крымда жоголгон татар активисттердин жасаты табылды


Крымда 21-августтан бери изделип жаткан татар тектүү үч активисттин экөөнүн сөөгү табылды. Крым татарларынын мажилисинин төрагасы Нариман Желаловдун айтымында, Мемет Селимов менен Усман Ибрагимовдун жасаты Симферополго жакын Богдановка айылынан табылган. Алардын денесинде бычак издери бар экени айтылууда.

Желалов “Фейсбуктагы” баракчасына кылмышкерлердин тек-жайы аныкталганын, азыр изделип жатканын жазды. Ал эми тергөө материалдарында эки активисттин өлүмү утурумдук жаңжалдын натыйжасы катары бааланууда.

Крым 2014-жылдын март айында Орусия тарабынан аннексиялангандан бери бир канча татар активисттери дайынсыз жоголгон. (SE)

XS
SM
MD
LG