Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

Кара-Суудагы жер төлөдөн ок-дары табылды


Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда автоунаа оңдоочу жайдын жер төлөсүнөн ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Ош облусу жана Ош шаары боюнча Башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Ош облустук сотунун санкциясы менен 30-августта 29 жаштагы Кызыл-Кыштак айыл тургунуна таандык жайда тинтүү жүргүзүлгөн. Ал жерден 2 даана Кытай өндүрүшүнөн чыккан тапанча, бир даана каттоо белгиси өчүрүлгөн “РГД-5” үлгүсүндөгү жардыруучу зат, бир даана каттоо белгиси өчүрүлгөн жардыруучу зат, ок-дары, бет кап, аркан жип, жарык кылуучу аппарат жана башка заттар табылган.

Кылмыш иши козголуп, шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG