Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

Атамбаев: Бийликке кайрадан уурулар келеби?


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Эгемендик майрамында парламенттик шайлоого токтолуп, бул өлкө үчүн чоң сыноо болорун белгиледи.

“Жаңы шайлана турган парламентке мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө билишкен, өлкөгө жөлөк-тирек боло турган, элине ак кызмат өтөй турган адамдар шайланса экен деп тилеп жатабыз. Анткени бул шайлоо өзгөчө мааниге ээ. Бул шайлоодо Кыргызстандын келечеги аныкталат. Өлкөбүз, элибиз азыркы жолун улап кетеби же бийликке кайрадан кара күчтөр, уурулар келеби? Мунун бардыгы ушул шайлоодо чечилет”, - деди президент.

Президент шайлоону таза өткөрүү керектигин, бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү башы менен жооп берүүгө тийиш экенин кошумчалады.

Бүгүн кыргызстандыктар Эгемендик майрамды белгилөөдө. Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышууда. Ал эми Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Шайлоодо 14 партия ат салышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG