Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Орусияда камалды


Орусиянын Липецк шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары шаардык полициянын билдирүүсүнө таянып кабарлашты.

Маалыматка караганда, кыргызстандык жаран мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө катышы бар деген шек менен май айында кармалган. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Териштирүү маалында анын издөөдө жүргөнү, Орусияда каттоодо турбаганы аныкталган. Кыргызстандык жаран 2010-жылдан бери жашаган жерин бир нече ирет өзгөрткөн.

Кармалган кыргызстандык жаранга карата сот өкүм чыгарып, жатак-абакка кесилген. Андагы жазасын өтөп бүткөн соң ал Кыргызстанга жөнөтүлөт.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, ушу тапта Кыргызстандын 3 миңге жакын жарандары чет өлкө абактарында жазасын өтөөдө. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG