Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Баку сотунда журналист Исмаилованын соңку сөзү токтотулду


Азербайжан -- Исмаилованын сотуна келгендер. Баку, 31-август, 2015.
Азербайжан -- Исмаилованын сотуна келгендер. Баку, 31-август, 2015.

Бакудагы бүгүнкү сот жараянында азербайжан журналисти Хадижа Исмаиловага соңку сөз берилди. Ал соттогу соңку сөзүндө Азербайжан бийлигинин жогорку баскычындагы коррупциялык иштерди ашкерелегени үчүн айыпталганын айтып, түрмөгө түшкөндөн кийин да ишин уланта берерин белгиледи. Журналист президент Илхам Алиевдин атын атай баштаганда прокурор сотту анын сөзүн токтотууга чакырды. Сот жараяны эми кайра качан уланары белгисиз.

Айыпталуучу акыркы сөзүн толук айтып бүткөн соң сот өкүм качан угузуларын жарыялаш керек. Буга чейин прокурор Хадижа Исмаилованы тогуз жылга эркинен ажыратууну сураган.

“Эркин Европа жана Азаттык” радиосу менен кызматташкан иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилова акча уурдаган, салыктан качкан, кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп айыпталууда.

Исмаилова өзүнө коюлган айыптардын бардыгы саясий жүйөөгө негизделип, бийликтер коррупциялык режимдеги схемалардын бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн өч алып жатканын айтып келет.

Жараян башталган 24-июлдан бери журналисттер, көз карандысыз байкоочулар сот залына киргизилген жок. Эл аралык Мунапыс уюму Исмаилованы “абийир туткуну” деп атаган.

XS
SM
MD
LG