Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

Тышкы иштер министрлери Украинадагы абалды талкуулайт


Кремль билдиргендей, Орусия, Украина, Германия жана Франция тышкы иштер министрлери сентябрдын орто ченинде Украинадагы кырдаалды талкуулоо үчүн кездешет.

Кремлдин кеңешчиси Юрий Ушаков өткөн дем алыш күндөрү Москва, Берлин жана Париж Украина чыгышындагы согушту токтотуу боюнча жаңы сүйлөшүү жүргүзүүнү колдогонун 31-августта журналисттерге билдирди. "Министрлерден соң бул төрт өлкөнүн лидерлери телефондон өз ара сүйлөшүп, кайсы жерде жолугушууну макулдашуусун күтүп жатабыз", -деди Ушаков.

Украина чыгышында 2014-жылдын апрелинде орусиячыл жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда тутанган согуш 6500дөн ашуун адамдын өмүрүн алды.

Батыш бул үчүн жикчилерге колдоо көрсөтүп жатат деп Орусияны айыптап келет. Орусия болсо аны четке кагып, Киев ок атышууну токтотуу боюнча буга чейинки Минск келишимин аткарбай жатканын айтып келет.

XS
SM
MD
LG