Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Түркияда британиялык журналисттер камалды


Түркияда сот өкүмү менен британиялык эки журналистке “террордук уюмдарга жардамдашкан” деген айып коюлуп камакка алынды. Журналист Жейк Ханрахан, оператор Филип Пендлбари жана алардын түркиялык жардамчысы өткөн жумада Диярбакыр деген аймакта кармалган. Аларга “Ислам мамлекети” террордук тобуна көмөктөшкөн деген айып коюлууда.

Бул окуя Түркиядагы сөз эркиндигине байланыштуу талаш пикирлерди жаратып, Amnesty International уюму муну тынчсыздануу менен кабыл алганын билдирди. Ал эми британиялык Vice News медиа бирикмеси “түрк бийлиги биздин кабарчыларды мамлекеттеги маанилүү маалыматтарды айттырбоого аракет кылып жатат”, деп баалады.

XS
SM
MD
LG