Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Маматокторов: Сабалышым ишмердүүлүгүмө байланыштуу эмес


Бул тууралуу “Азаттыкка” журналист жана активист Шайырбек Маматокторов билдирди. Анын айтымында, тратуарды тосуп алган “Лексус-570” үлгүсүндөгү B0001BV номериндеги машинаны жылдыруу өтүнүчүнөн кийин аны аркадан белгисиз жаран бетке чаап, мурдун сындыра койгон.

“Машинадан бир аял түшүп, айдоочу жок экенин билдирди. Ага чалуумду өтүнгөндө эле аркамдан бирөө келип бетиме уруп калды. Экинчисинде, маңдайдагы эки тишим түшүптүр. Эсиме келип машинаны тартканга үлгүрдүм. Бирок машина кимге таандык экенин жана мени урган адамды да тааныган жокмун”, - деди ал.

Маматокторов муну өзүнүн ишмердүүлүгнө байланыштуу эмес экенин да кошумчалады.

“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов машинадагы аял президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдин аялы экенин өзүнүн Facebookтагы баракчасына жазды. Машина Мамбеталиевге таандык экени айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG