Облус аймагында жаңы окуу жылында беш жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Анын үчөөсүнүн ачылышына биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев катышууда. Мындан сырткары бир спорт зал ишке берилет жана дагы үч мектепте курулуш иштери жүрүп жатат.
Быйыл облустагы 469 жалпы билим берүүчү мектепке 1-класска 21 миңден ашык окуучу кабыл алынды. Билим берүү мекемелеринин 30у учурда авариялык абалда. (RsK)