Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Атамбаев Кулматовго башка иш издөөнү сунуштады


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектеги Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатка барган учурда борбор калаанын абалын оңдоо талабын койду. Ал шаар тургундарынын нааразылыгын айтып, эгер шаар мэри Кубанычбек Кулматов тартип менен тазалыкты орното албаса башка жумуш издөөнү сунуштады.

“Эгер 2015-жылдын соңуна чейин таштандылар маселесин чечпесеңиз, шаарды тартипке салбасаңыз, Кубанычбек Кеңешович өзүңүздүн күчүңүз жеткен башка жумуш издөөгө туура келет”, - деди Атамбаев.

Кубанычбек Кулматов 1,5 жылга жакын убактан бери Бишкектин мэри болуп иштеп келатат. Азыр шаарда башаламан курулуштар, жол, тазалык жана жашылдандыруу боюнча маселе көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG