Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Парламенттин кезектеги отуруму 2-сентябрда уланат


Мындай чечим төрага Асылбек Жээнбековдун катышуусунда өткөн Координациялык кеңеште кабыл алынганын Парламенттин аппаратынан “Азаттыкка” кабарлашты. Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы депутаттардын 92си ар кайсы партиядан шайлоого катышып жаткандыктан, эртеңки жыйында кворум болбой калышы ыктымалдыгы айтылды.

"Шайлоого катышкан депутаттар ыйгарым укуктарын токтотпойт. Алар жаңы чакырылыш шайланып келгенче иштей беришет. Аларга шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүгө тыюу салынбайт. Болгону тиги же бул партияга үгүттөөгө жол берилбейт. Маанилүү маселелер болуп, өкмөт суранып калса депутаттар жыйынга топтолот", -дейт аппараттан.

Бүгүн Жогорку Кеңештин V чакырылышындагы курамы жайкы эс алуудан кийин сессияга чогулду. Азыркы Жогорку Кеңештин курамы 2010-жылы шайланган. Быйыл алардын депутаттык мөөнөтү аяктайт. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. (КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG