Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:56

Милиция чырдашкан кайнене-күйөөнү өлүмдөн сактап калды


Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Нарын дарыясына боюн таштоого аракет жасаган 26 жаштагы жаранды сактап калышты. Бул тууралуу облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-августта Таш-Көмүр шаарында күйөө баласы кайненеси менен чогуу спирт ичимдигин ичип олтуруп чырдашып кетишет. Күйөө баласы кайненесин муунтуп эсин оодарып, өзү сууга боюн таштап өмүрүн кыюуга бара жатканда милиция кармап калган.

Бул факт боюнча жабырлануучунун кызы өз күйөөсүнүн үстүнөн милицияга арыз жазып, учурда кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG