Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

БУУ: ИМ көөнө Бэла храмын да кыйратты


Бэла храмы. Сириянын байыркы Палмира шаары. 4-август 2010
Бэла храмы. Сириянын байыркы Палмира шаары. 4-август 2010

Космостон тартылып алынган сүрөттөр Сириянын эзелки Палмира шаарындагы 2 миң жыл мурда курулган храм кыйратылганын тастыктады. Бул жөнүндө Улуттар Уюму маалымдады.

Бэла храмын “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары 30-августта жардырып жибергени кабарланган. Жихадчылар Палмираны быйыл майда басып алышкан. Бир апта мурда экстремисттик уюмдун желдеттери Палмирадагы байыркы Баал Шамин храмын жардырып жибергени ырасталган.

Алар буга дейре өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарда көөнө монументтерди, мусулмандар менен тарсалардын(христиан) ыйык жайларын ойрон кылышкан.

XS
SM
MD
LG