Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Шайлоого ат салышкан 234 талапкерге кылмыш иши козголгон


Шайлоого ат салышкан 234 талапкерге буга чейин кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламенттин Адам укугу, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, ИИМ миңдей талапкерди текшерип чыкты.

"Анын 234үнө буга чейин кылмыш иши козголгон экен. 53ү боюнча соттун чечими жок. 15 талапкерге карата тергөө иши жүрүүдө, үчөөнө издөө жарыяланган. Бул маалыматтар БШКга жөнөтүлдү", - деди Курсан Асанов.

Буга чейин “Азаттык” шайлоого барчу партиялардын тизмесинде аты чыгып-чыкпаган, мурда-кийин уюшма кылмыш топтун мүчөсү же катыштыгы бар деп милициянын каттоосунда турган, соттолгон адамдар бар экенин жазып чыккан. (КЕ/JM)

XS
SM
MD
LG