Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Пакистандын түндүк батышында бомба чабуулунан үч адам өлдү


Пакистан полициясынын тергөөчүлөрү жанкечти өзүн өзү жардырган жайды текшеришүүдө. Ямруд району. 1-сентябрь, 2015-жыл.

Пакистан полициясынын тергөөчүлөрү жанкечти өзүн өзү жардырган жайды текшеришүүдө. Ямруд району. 1-сентябрь, 2015-жыл.

Ямруд районундагы полициякананын жанында болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти талиптер өзүнө алды. Бул район Ооганстанга чектеш жана уруулардын башкаруусундагы Хайбер - Пахтунква провинциясына карайт.

Расмий маалымдалгандай, курман болгондор арасында жергиликтүү уруулардын полиция кызматкерлери бар. Элүүдөй адам жарадар болду. Жардыруудан кийин бийлик 25 чакырымдай аралыкта жайгашкан Пешавар шаарынан Ооганстанга кетчү жолду жапты. Бир жылдан бери Пакистандын куралдуу күчтөрү бул аймакты пааналаган согушкерлерге каршы операция жүргүзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG