Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:23

Ирак армиясы жана сунни милициясы 12 жоокеринен ажырады


Ирактын Анбар провинциясы

Ирактын Анбар провинциясы

Ирактын Анбар провинциясында бомба чабуулдарынан өкмөттүк күчтөрдөн жана сунни милициясынан 12 адам өлдү. Ырасмий маалымдалгандай, 1-сентябрда “Ислам мамлекети” тобу адегенде өкмөттүк күчтөр менен сунни милициясынын Хадита шаарындагы өңүттөрүн аткылаган. Чабуулду коштой эле эки жанкечти өзүн жардырган жана бомба жүктөлгөн үч автомобиль жардырылган. Куралдуу калабада беш аскер жана сунни милициясынын үч адамы жарадар болгон.

АКШ башындагы альянс Хадита шаарынын четине урган авиасоккуда согушчандардын алты машинеси жок болгон жана 13 желдетинен ажыраган.

Анбар провинциясынын чоң бөлүгү былтыр июндан бери “Ислам мамлекети” тобунун ээлигинде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG