Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Каримов "өзгөрткөн" Өзбекстан


Ислам Каримов
Ислам Каримов

Көз карандысыздыктын 24 жылдыгына арналган салтанатта сүйлөгөн өзбек президенти Ислам Каримов Өзбекстан дүйнөдөгү тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн арасында бешинчи сапка чыгып, ички дүң өнүм жылына 8 пайыздан ашып жатканын айтты.

Өзбекстан лидери өзү башкарган өлкөдө эч кандай чет элдик аскерий база болбостугун билдирди. Бирок көз карандысыз серепчилер өлкөдө президент айтып жаткандай өсүш бар экенине ишенбейт.

Каримов: Өзбекстан тез өнүгүп жаткан бешинчи өлкө

Ташкенттин борбордук аянтындагы эгемендик күнүнө арналган салтанат адаттагыдай эле президент Ислам Каримовдун сөзү менен башталды. Өлкө башчысы сөзүн жалпыга жат болуп калгандай, эгемендик жылдары жетишкен ийгиликтер, элдин турмушу жыл санап жакшырып баратканы менен баштап, Өзбекстан тез өнүгүп жаткан мамлекеттер арасында бешинчи орунга чыкканын баса белгиледи:

- Мамлекетибиз жер жүзүндө эң тез өнүгүп жаткан өлкөлөр арасында бүгүн бешинчи орунду ээлегени жана соңку он бир жыл бою жалпы ички дүң өнүмүбүздүн сегиз пайыздан жогору болуп жатышы башкаларды суктантары турган иш.

Ислам Каримов бул жолу да Өзбекстан эч кандай аскерий-саясий блокторго кошулбасын жана өлкө аймагында чет элдик аскер базалары жайгашпасын кайталады:

Өзбекстандагы пахта терим
Өзбекстандагы пахта терим

- Өзбекстан эч кандай аскерий-саясий блокко кошулбайт. Өз аймагында чет элдик аскер базалары жайгашуусуна, аскер кызматчыларыбыз мамлекет сыртында болушуна эч качан жол бербейт. Өтө терең ойлонулган бул жолду, ушундай саясатты эң туура деп билебиз жана бул жолдон эч качан кайтпайбыз.

Президент Каримовдун билдирүүсүндө өлкөнүн Сурхан-Дарыя облусундагы Германиянын аскер базасы кандай макамга ээ экени, дегеле мындай база бар экени да эске алынган жок. Өзбекстандын Ооганстан менен чек арасына жакын Термез шаарында 2001-жылдан бери германиялык аскерлер жайгашкан.

Мындан беш күн илгери АКШ Ташкентти “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлерине каршы эл аралык коалицияга кошулууга чакырган. Өзбек президенти бул тууралуу да үн каткан жок.

Бийлери гана "бийлеген" өлкө

Канткен менен көз карандысыз серепчилер өзбек президентинин бул жолку кайрылуусу да буга чейинкилеринен көп айырмаланбастыгын айтты. Алардын белгилешинче, Өзбекстанда баары эле сыдыргыга салгандай тегиз эмес. Айрыкча элет жериндеги эл эптеп өлбөстүн күнүн көрүп келет. Баарынан да элди мажбурлап, күчтөп пахта тердиртүү саясаты өлкөнү бүт дүйнөгө уят кылууда.

Өзбекстандык публицист Шароф Убайдуллаев да “Азаттыктын” өзбек кызматына ушундай ойду кыйытты:

- Өзбекстанда эми эгемендик күнү ар бир көчөдөн бул майрамдан шаң-салтанатын сезбешибиз мүмкүн. Бул күнү адамдардын бир тобу гана амфитеатрларга топтолуп алып, ойноп, бири-бири менен бийлеп калганын өзбек калкы телевизордон гана көрүп калат. Өзбекстан эми кичине мамлекет эмес, ошого жараша проблемалары да көп. Маселен айыл жеринде 15-сентябрдан тарта той-топурга да тыюу салынып, элдин баары пахта теримге күчтөп чыгарылат. Пахта терими башталган жайдын этегинен тээ декабрдын ортосуна чейин элди мажбурлап пахта тердиртет. Мугалимдер, дарыгерлер, инженерлер кыскасы баары пахтага айдалат. Элди бекер иштетет. Өкмөт Өзбекстанды бүт дүйнөгө шерменде кылган мындай пахта саясатын өзгөртпөсө арты жакшылыкка алып келбейт. Эгемендиктен биз ушуну күттүк беле?

Каримов катышкан майрам
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Дагы бир серепчи Камоллидин Раббимов Өзбекстанды өз дартын өзү уккусу келбеген бейтапка салыштырат:

- Албетте, кандай мамлекет болбосун анын ашкере жана жашыруун оорулары болот. Эгер мамлекетти бир бейтап адамга салыштырсак, анда Өзбекстан өзүнүн кесели тууралуу эч уккусу келбейт жана туура диагнозду билүүнү каалабайт. Өзүн аябай дени сак катары кабыл алынышын каалайт. Башкача айтсак, Өзбекстандагы бүгүнкү авторитардык режим чындыкты эч уккусу келбейт жана бул тууралуу сөз кылууну такыр каалабайт.

Серепчилер мындан сырткары Өзбекстан калкы акыркы жылдары айрыкча кышкысын газ жана электр таӊкыстыгынын кээрин тартып, кыштан эптеп аман чыгуунун айласын издеп каларын белгилешет.

Өзбекстандык жүз миңдеген эмгек мигранттары болсо жан багуу амалында Орусия, Казакстан, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө чыгып кеткен.

Каримов өлкөнүн эгемендик майрамында бийге түштү
Каримов майрамда бийге түштү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:43 0:00

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG