Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:23

Будапештте мигранттар митингге чыкты


Будапешттеги темир жол бекетинин алды. 1-сентябрь, 2015-жыл.
Будапешттеги темир жол бекетинин алды. 1-сентябрь, 2015-жыл.

Венгрия борборундагы темир жол бекетинде 1-сентябрь күнү жүздөгөн мигранттар демонстрацияга чыгып, Германияга кетүүгө уруксат берүү талабын коюшту. Жергиликтүү булактар жазгандай, жаалданган митингчилер кол чаап, ышкырып, колдорундагы билеттерин силкип “Германия! Германия!” деп кыйкырык салышты. Андан соң бекетке кире беришти кайтарып турган полиция кызматкерлерини тушуна барып, жерге отуруп алышты.

Алгач бийлик темир жол бекетине кирчү жолду бекитти. Андан соң биротоло бекеттин тегерегин куралданган полиция курчап алды. Бекет ичиндеги ондогон мигранттарды күч кызматкерлери кууп чыкты.

Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн келген мигранттар саны кескин өскүп кеткендиктен Европа кризиске кептелүүдө. Еврошаркет маселени чечүүнүн жолун таба албаган өлкөлөрдү сынга алды. (SE)

XS
SM
MD
LG