Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Жабык жайлардагы өспүрүмдөр укугу Астанада талкууланат


Казакстан борбору Астанада жабык жайлардагы өспүрүмдөрдүн укуктары, мыйзамдарды эл аралык стандарттарга тууралуу жана укук бузуулардын алдын алууга багытталган эки күндүк жыйын башталды. Борбор Азия диалогуна Кыргызстан акыйкатчысынын милдетин аткарып жаткан Гүлнара Жамгырчиева катышат. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, жыйынга БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин вице-президенти Ринат Винтер, Британиянын абак жайларды реформалоо жана лорддор палатасынын президенти Баронесса Вивиен Стерн, эл аралык эксперттер, Борбор Азиядан келген өкүлдөр катышат.

Жыл башында Женевада БУУнун Адам укуктары кеңешинде Кыргызстандын экинчи улуттук баяндамасы талкууланган. Анда Хорватиянын өкүлү Кыргызстандагы балдардын укугун коргоону күчөтүүгө жана үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды токтотууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Казакстандык делегация мүчөсү Кыргызстанда балдарга карата ювеналдык юстицияны өнүктүрүүнү жана бул тармакта өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG