Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Сотко нааразылар митингге чыкты


Бишкектеги №47 абактын жетекчи орун басары Милан Шакиевге кол салды деп айыпталып камалган Нуркемел Искендеров жана Тимур Айткожо уулунун 20дай тууганы Ак үй алдына митингге чыгышты. Алар балдарынын бейкүнөө камалганын айтып, ишти кайра кароону талап кылышууда. Коомдук жактоочу Исмаил Токобаевдин “Азаттыкка” айтымында, тергөө ишинде далил катары тиешелүү видеолор тиркелбей калган.

Былтыр декабрда №47 абактын жетекчи орун басары Милан Шакиевге кол салуу болуп, алты жеринен бычак жеген. Ага шектүү катары төрт бала суралып, алардын экөө камалган. Жаза аткаруу кызматыны кол салуу Шакиевдин ишине байланыштуу болгонун айтууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG