Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Акциздик маркалары дал келбеген 8 миң бөтөлкө акоголдук ичимдик аныкталды


Мамлекеттик салык кызматы Ысык-Көл облусуна караштуу Балыкчы шаарында акциздик маркалары дал келбеген 8 миң бөтөлкөдөн ашуун алкоголдук ичимдикти аныктады.

Маалыматка ылайык, салыкты жашыруу максатында 0,25 литрдик номиналдагы акциздик маркалар жарым литрдик сыйымдуулуктагы идиштерге чапталган. Жасалма спирт ичимдиктер “Балыкчы Арагы” ишканасына таандык арак заводунун кампасынан табылган. Тартылып алынган продукция Мамлекеттик соттук экспертиза борборуна өткөрүлүп берилди.

Буга чейин бир нече жолу алкогол ичимдиктерин өндүргөн көмүскө цех табылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG