Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

ИИМ пенсионеринин мончосунан маңзат табылды


Чүй облусунун 48 жаштагы тургуну, Ички иштер министрлигинин майорунан пенсияга чыккан инсандын мончосунан 1 кг. жакын героин жана диванда катылган документи жок мылтык табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюна мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Айбек Арзиматов кабарлады. Анын айтуусунда, кармалган жаран баңгизаттарды “Дордой” базарынан жүк ташуучу машиналар аркылуу Казакстанга жөнөтүп турган.

-Жакын тааныштары, туугандары менен Кыргызстанда эле эмес Казакстанда, Тажикстанда нарко топ түзүп алышкан. Кыргызстанда кармалган шектүү жаран ал топтун башында турган. Алар Орусия жана КМШ өлкөлөрүнө маңзат жөнөтүшкөн. Санкциянын негизинде 1-сентябрдын таңында үйү тинтилип, героин табылды.

Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү жаран камакка алынды. Тергөө-иликтөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG