Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:10

Багдадда түрк жарандарын уурдап кетишти


Багдаддын түндүк-чыгышында беткапчан белгисиз адамдар бүгүн Түркиянын кеминде 16 жаранын уурдап кеткенин Ирак бийликтери кабарлашты. Алар Багдаддын шииттер байырлаган Садр-Сити районунда спорт комплексин куруп жаткан түрк компаниясында иштечү. Куруучулар уктап жатканда бүгүн таң эртең машине менен келген согушкерлер салып кетишкен.

"Нурол Холдинг" деп аталган түрк компаниясынын башчысы жалпысынан 18 кызматкери уурдалганын билдирди. Алар кандай шартта уурдалганы, зордук-зобунга кабылган-кабылбаганы тууралуу маалымат жок. Азырынча бул уурдоону эч кайсы топ мойнуна ала элек.

Ирактын Мосул шаарында былтыр да Түркиянын 46 жараны "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун согушкерлери тарабынан уурдалып кеткен эле. Алар үч ай туткунда кармалган соң бошотулган.

XS
SM
MD
LG